Жаңылыктар
Нурлан Мирзаматов: "Таң алдында" сериалы драма жанрындагы пандемияны сүрөттөгөн алгачкы сериал болуп калды
Маданият
Нурлан Мирзаматов: "Таң алдында" сериалы драма жанрындагы пандемияны сүрөттөгөн алгачкы сериал болуп калды

Жакындан бери Коомдук канал аркылуу көрөрмандарга “Таң алдында” сериалы тартууланып жатат. Жалпысынан 8 сериядан турган проекттин жумасына бирден сериясы көрсөтүлүүдө. 

Сериалдын продюсери Нурлан Мирзаматовдун айтуусунда, негизги идея пандемия аяктап калганда жаралган. Ар бир чыгарылышында карантиндеги кыйынчылыктар эле эмес, түрдүү баалуулуктарды көтөрүү менен биргеликте, бир максаттуу сериалды жаратуу негизги ой болгон.

Өлкөдөгү болуп жаткан кырдаалды, түйшөлткөн суроолорду, көйгөйлөрдү кошуп,  элге жакшы бир сериал тартуулайлы дедик.  Албетте, бул эбегейсиз жумушту ишке ашыруу  үчүн абдан чоң команда карантин шарттарына карабай иштедик.  Сериал илдет учурундагы кыргызстандыктардын  абалын, өлкөдөгү кырдаалды кенен   чагылдырып  берет,- дейт ал бизге берген маегинде.

15-июлда алгачкы тартуу иштери башталып, 10-августта 2-серияны  толук  тартып бүткөнгө жетишишкен.  “Таң алдында” сериалы  дүйнөдөгү пандемия учурун сүрөттөгөн драма жанрындагы алгачкы сериал болуп табылды. 

Оору күчөп турганда, шайлоо иштери башталганына  карабастан, аз убакытта тартып үлгүрүүгө жетишкен. Бул көрүнүш тартуучу топтун мыкты уюшкандыгынан кабар берет.  Сериалдын үстүндө жалаң өз ишинин мыктылары иш алып барышты.  

Тартуу учурундагы негизги кыйынчылыктын бири бул- өтө кыска аралыкта тартып бүтүрүү болду. Негизи кино болобу, сериал болобу жарыкка чыгараардан жарым жыл мурун, бир жыл мурун даярдап алышат. Ал эми биз алдыга бир чоң планды коюп,  сапаттуу, элдин мүдөөсүн чагылдырган өндүрүм чыгардык. Иштин башында тажрыйбалуу режиссер, Айбек Дайырбеков  турду.  Анын мыкты тажрыйбасы бүт жумушчу топту алдыга сүрөдү.

Сериалдын бет ачары 27-августта КТРК каналында, 28- августта  Lights media ютуб каналында болду.