Жаңылыктар
С.Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүдө - "Шакжүрүш"
Коррупция
С.Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүдө - "Шакжүрүш"

Кыргызстанда 2021-2024-жылдарда коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик жаңы стратегиянын долбоору иштелип чыкты. 

Антикоррупциялык жаңы стратегияны Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында бекитүү сунушталды. Коррупционерлерди кармап, камап кана тим болбостон, коррупцияга шарттаган элементтерди жоюу аракеттери кандай болуп жатат? Коррупцияны азайтуу үчүн эмне кылуу керек? Жемкорлукту азайтууда мамлекеттик деңгээлдеги стратегиялык документтердин иштөө мехнаизми кандай болушу керек?

Уктурууга экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев, философия илимдеринин доктору, коомдук ишмер Жамгырбек Бөкөшев, атайын кызматтын отставкадагы полковниги Талант Раззаков жана КР өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгынын жетекчиси Элдияр Айылчиев катышты.