Жаңылыктар
Саясий маданияттуулукту көрсөтүү - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Саясий маданияттуулукту көрсөтүү - Кыргызстан жаңылыктары

Саясий күрөштө жеңишке жетүүнү каалаган ар бир партия, анын ичинде ар бир мүчөсү калк алдында өздөрүн татыктуу көрсөтүүгө, атаандаштарына болгон мамилеси түз болуп, саясий маданияттуулукту далилдегенде гана шайлоочулар арасында аларга болгон ишеним артат. Өлкөнүн туруктуулугун сактоодо саясат чөйрөсүндө өзүн үлгүлүү көрсөтө билүү маанилүү учурларда гана эмес, дайыма керек болгон, эгерде жок болсо үйрөтө турган негизги багыт.

Өлкө парламенттик башкарууда болгон соң, саясий партиялар саясий маданиятты, парламенттик демократияны, партиялык системаны калыптандыруучу эң негизги күч. Андыктан ар бир талапкердин эл алдында жоопкерчилиги чоң.

Шайлоого катышууда калктын аз пайызы алардын жарандык милдетин аткаруудагы кайдыгерлигинин далили. Кайсы бир партияны сындап же кемчилиги айтаардан мурда ар бир атуул кандай гана партияга добуш бербесин өлкөнүн келечегине кош көңүл карабай жарандык милдетин аткарууга тийиш.

Кыргызстан демократиялуу өлкө болгондуктан коомчулук шайлоо процессине көңүл бурат. Ийгиликке умтулган партиялар арасында күрөш катуу атаандаштык менен өтөт. Андыктан ар бир жарандын келечекке кайдыгер карабашы анын атуулдук милдетин аткарып келип добуш беришинен көз каранды.Ал эми саясий партиялар кандай болгон учурда да саясий маданияттуулукту көрсөтүшү абзел.