Жаңылыктар
Замирбек Аскаров Айдаркен шаарындагы кооптуу объектер менен жеринен таанышты
Өзгөчө кырдаал
Замирбек Аскаров Айдаркен шаарындагы кооптуу объектер менен жеринен таанышты

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуудагы аткарылып жаткан иштердин сапаттуу болуусун жана өз убагында бүтүрөөрүн талап кылам. Мындай пикирин Өзгөчө кыдаалдар министри Замирбек Аскаров Баткен облусунун Айдаркен шаарындагы кооптуу объектерди жеринен көрүү учурунда билдирди.  

Министр Айдаркен шаарынын Октябрь көчөсүндөгү сел жүрүүчү сай жана ички чарбалык жол катары пайдаланып келген ички жолго сел  өткөрүүчү канал куруу маселесин тиешелүү адистер менен биргеликте кеңешип, ГСМ бөлүп берүү маселеси каралды.

Эскерте кетсек, 2017-жылы болуп өткөн селдин кесепетинен турак-жайлар, тамаркалар, электр мамынчалары жана ички чарбалык жолдор зыянга учураган.