Жаңылыктар
Депутаттар артыкчылыктарга муктажбы?
Саясат
Депутаттар артыкчылыктарга муктажбы?

Депутаттардын артыкчылыктардан баш тартуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин элегинен өтпөй калды. Коомчулукта кызуу талкууга жем таштаган жеңилдиктерди жоюу маселесине чекит коюлган жок.

Депутаттардын статусу боюнча мыйзамы бир нече отурумда каралып, акыры четке кагылды.

Парламентте “Жогорку Кеңештин депутатынын макамы” жөнүндө мыйзам долбоорун өзгөртүүгө карата 112 депутаттын ичинен 52 депутат "макул", 60 депутат "каршы" добуш берди.

Бирок үгүт маалында  алар артыкчылык-жеңилдикте баш тартабыз деген убадаларын байма бай айтышкан. Атүгүл бир нече фракция бирдиктүү декларацияга дагы кол коюп жиберген болчу. Айтылгандын көбү иш жүзүнө ашкан жок. Катардагы адамдар депутаттардын бул кадамына анчейин деле таң калганы байкалбайт.

“Депутаттардын макамы”- жөнүндө мыйзамда бир топ артыкчылыктар камтылган. Эсептөөлөргө ылайык, Жогорку Кеңешке жылына 800 миллион сом бөлүнөт. Эл өкүлдөрү мамлекет эсебинен толугу менен камсыздалат.

Шайлоодон кийин кызматтык унаадан жана жардамчыдан баш тартуу чечими кабыл алынган. Ал эми кечээ артыкчылык мыйзам долбоору толук күчүнө киришине көбү каршы чыкты. Айрым өкүлдөрү кесиптештерине бардык эле депутаттардын бизнеси жок, өз эсебинен жардамчыларына, айдоочусуна жана батирге акча төлөөгө чамасы келбейт деп билдирди.

Жыйында жылуу ордунан козголгусу келбей, эмдигиче кызматтык батирден чыкпай жаткан экс-депутаттар бар экени да маалым болду.

Спикер Чыныбай Турсунбеков парламент сот аркылуу мөөнөтү аяктаган эл өкүлдөрүн бекер батирден чыгарууну талап кылаарын белгиледи.

Бул маселе мурунку отурумдарда да көтөрүлүп, кызматтык үйлөрдү калтырууну суранып чыгышкан эле. Эгер эл өкүлдөрү айткан убадалар аткарылса, анда миллиондогон акча үнөмдөлмөк. Бирок иш жүзүнө келгенде депутаттар май талкандан баш тарта албай жатышат.