Жаңылыктар
Тажик БШКсы Демократиялык партиянын лидерин президенттикке талапкер катары каттоодон баш тартты
Дүйнө
Тажик БШКсы Демократиялык партиянын лидерин президенттикке талапкер катары каттоодон баш тартты

Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Демократиялык партиянын лидери Саиджафар Усмонзоданы президентикке талапкер катары каттоодон баш тартты.

БШК мындай чечимин демократтардын өкүлү жетиштүү санда кол топтой албагандыгы менен түшүндүрдү. Тажикстанда президентикке талапкер болууну каалагандар добуш берүү укугуна ээ жарандардын 5% колдоосуна ээ болушу керек.

Усмонзода 2013-жылы да президенттикке талапкерлигин коюп, бирок жетиштүү добуш ала алган эмес.

Күн мурун тажик БШКсы президенттикке беш талапкерди каттаганы кабарланган. Алар Агрардык партиядан Рустам Латифзода, Социалисттик партиядан Абдухалим Гаффорзода, бийликтеги Элдик-демократиялык партиянын, Эркин кесиптик кошуундардын жана Жаштар биримдигинен азыркы президент Эмомали Рахмон, Экономикалык реформалар партиясынан Рустам Рахматзода жана Коммунисттик партиядан Мирож Абдуллоев.

Тажикстанда кезектеги президенттик шайлоо 11-октябрда өтөт.