Жаңылыктар
Дастанбек Жумабеков келинге сүйүнчү бергени тууралуу маселе БШКда каралат
Шайлоо 2023
Дастанбек Жумабеков келинге сүйүнчү бергени тууралуу маселе БШКда каралат

4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынын катарында талапкер болуп аттанган Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берди. Бул тууралуу Айзада Жамгырчиева фейсбук баракчасына жазып чыкты.

"50 миң сүйүнчү пул" эмне болду??? Ай алтындарым, секетиң кетейиндерим!
Кече күнү КР ЖК төрөгасы Дастан Жумабеков Таласка болгон расмий иш сапарында жаңы төрөлгөн "Дастан" ысымындагы ымыркайга өзүнүн үй- бүлөсүнүн атынан "50 миң сом" берди!
Жакынкы жылдарда Кыргызстанда жаңыдан туулган ар бир ымыркайга мамлекет тарабынан ушундай “сүйүнчү” берилээрине ишендирип кетти",- Айзада Жамгырчиева.

Ал арада Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоого аттанган талапкерлер үгүт учурда кайрымдуулук иштер менен алектенбеши, жарандарга акчалай жардам бербеши керек экенин эскерткен. Шайлоо эрежесине ылайык, үгүт маалында адамдарга берилген материалдык жардамдын баары добуш сатып алуу болуп саналат.

БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов спикердин келинге акча бергени тууралуу маселе караларын билдирди. Ал эми БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова Жумабеков өз макамын пайдалануу менен үгүт маалында берген сүйүнчү пул административдик ресурсту колдонуу болуп эсептелерин айтты.

Спикердин басма сөз катчысы окуяга мындай түшүндүрмө берди:

«Ал жаңы төрага келгенге чейин Жогорку Кеңештин төрагасы бойдон кала берет жана кызматын аркалай берет. Уулдуу болгон келин баласына спикердин атын койгон экен. Ошого акчалай жардам көрсөттү. Бул жагын юристтер менен талкуулап көрөлү».

Анын артынан Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы төрага акчаны үй-бүлөсүнүн атынан көрүндүк катары бергенин билдирди.