Жаңылыктар
Шайлоого добуш берүү кандайча жүргүзүлөт, ал канчалык деңгээлде купуялуу
Шайлоо 2023
Шайлоого добуш берүү кандайча жүргүзүлөт, ал канчалык деңгээлде купуялуу

Мыйзамга ылайык, кайсы жаран кандай добуш бергенин эгерде өзү эле көрсөтпөсө, эч ким биле албайт. Шайлоо учурунда колдонулуп келген эсептөөчү урналар ким кандай добуш бергенин аныктай албайт. Ошондуктан жарандар эч нерседен коркпой эле добуш беришсе болот. 

Ал ортодо Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын паспортторун жапырт түрдө чогултуу тууралуу фактылар же кандайдыр бир административдик басым жана добуш сатып алууга байланыштуу көрүнүштөр аныкталса, ага карата чара көрүлө турганын эскертүүдө. 

Идентификациялай турган жабдыкка паспорт салынаары менен, жарандын өздүгү тууралуу маалымат толугу менен экранга чыгат. Бирок добуш берүү үчүн бул дагы толук эмес. Эң башкысы манжалардын изи дал келиши керек.

Шайлоо учурундагы эң маанилүү нерсе бул-добуштун купуялуулугу. Тагыраагы шайлоочу кайсы партияга добуш берсе да анын баары жашыруун бойдон калат. Паспортторду алдын ала кайдадыр жазып белгилеп коюуга же мурдатан базага киргизип коюп, добуш бердирүү мүмкүн эмес.