Жаңылыктар
Партиялар ортосундагы теледебаттар КТРКнын жаңыланган студиясында өтүп жатат
Шайлоо 2023
Партиялар ортосундагы теледебаттар КТРКнын жаңыланган студиясында өтүп жатат

КТРКда теледебаттардын сезону башталды. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына ат салышып жаткан партиялардын ортосундагы телетаймаштар кезек-кезеги менен өтүп турат. Учурда жаш талапкерлердин теледебаттары өтүп жатат. Андан соң, айым талапкерлердин, кийин партия лидерлеринин ортосундагы теледебаттар өтөт. КТРКда теледебаттар өтүп жаткан студиялардын баары жаңыртылып жасалгаланган.


Коомдук телерадиоберүү корпорациясында теледебаттар башталды. Алдыдагы парламенттик шайлоонун өлкө үчүн маанилүүлүгүн жана учурдагы пандемия шартын эске алуу менен теледебаттар атайын баскычтарга бөлүнгөн. Буга чейин партия өкүлдөрү өздөрүнүн программаларын калың журтка тааныштырып, аймактардагы элдердин суроолоруна жооп беришкен. Учурда кезек партиялардын жаштар канатына келип, 35 жашка чейинки дымактуу талапкерлер телетаймашта дараметин көрсөтүүдө.

Келе жаткан аптада КТРКда өтүүчү теледебаттарга партиядагы айым талапкерлер келишип, өздөрүнүн ойлорун, партиясынын өлкөнүн өнүгүүсүө багытталган программаларын ортого салышат. Ал эми акыркы 3-жумада болсо парламенттик шайлоого катыша турган партиялардын лидерлери келип, кызыктуу таймаш болот.

Теледебаттар өтүүчү студиялардын баары жаңы. Жасалгалоо үчүн акыркы үлгүдөгү технологиялардын баары колдонулду. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына ат салышып жаткан партиялардын далалат кылган мүдөө максаттарын элге жеткирүү үчүн КТРКда бардык партияларга бирдей шарт түзүлдү.