Жаңылыктар
Өлкөнүн билим берүү тармагын өнүктүрүү стратегиясы иштелип чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөнүн билим берүү тармагын өнүктүрүү стратегиясы иштелип чыкты

Билим берүү жана илим министрлиги 2020-40-жылдарга карата өлкөнүн билим берүү тармагын өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыкты. Ал коомдук талкуудан жана өкмөттүн кароосунан өткөн соң ишке киргизилмекчи. 

Долбоордо билим сапаты, материалдык техникалык база, анын ичинен мугалимдердин айлык маянасын көтөрүү, мындан сырткары билим берүү чөйрөсүн санариптештирүү- негизги маселе катары камтылды. Билим берүү тармагынын азыркы абалы жана келечеги президент Сооронбай Жээнбеков менен Билим берүү жана илим министринин онлайн кеңешмесинде талкууланды. 


Быйыл күтүүсүз келген жугуштуу илдет бардык окуу жайларда окутуу ыкмасын өзгөртүп, аралыктан билим берүүгө өттү. Ал эми аралыктан окуу санарип көндүмдөрү өнүктүрүүнү, маалымат технологияларын тез өздөштүрүүнү шарттады. Мектеп жана Жогорку окуу жайларында жаңы окуу жылы да аралыктан башталып, мугалимдер онлайн окутууну улантып жатышат. Башында өздөштүрүү оор болгон, азыр болсо мугалимдер санарип ыкмаларды эч кыйынчылыгы жок колдонуп жатышат.

Аралыктан окутуу ыкмасы санариптештирүүнү тез өнүктүрүүнү талап кылып, билим берүү министрлиги кыска убакыттын ичинде онлайн окутууга зарыл болгон шарттарды түзүүгө киришкен. Көп мектептер буга даяр эмес эле, бирок абалды жөнгө салууга мүмкүн болду.