Жаңылыктар
Шайлоо-2020. Атыр Абдрахматова катталбаган жерден добуш берүү маселесин көтөрдү
Шайлоо 2023
Шайлоо-2020. Атыр Абдрахматова катталбаган жерден добуш берүү маселесин көтөрдү

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында катталбаган жерден добуш берүү боюнча форма №2 тууралуу маселе көтөрдү. 

Форма 2 менен шайлоочулар каттоодогу эмес башка шайлоо учаткасынан добуш бере алат. Бул Бишкек шаарынын тургундарынан башка бардык жарандарга тиешелүү. Абдрахматова шайлоочулар өзүн тизмеден тактоого беш күн калганын, ал эми шайлоо участкалары каттоодон баш тартып жатканын айтты. Мындан улам ал учурда форма №2 боюнча арызды эмне себептен кабыл албай жатканына нааразылыгын билдирди. Ал ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары 11- жана 12-сентябрдагы рейд учурунда массалык каттоо тууралуу фактыларды айтып чыкканын да эскертти. 

Ошого байланыштуу Абдрахматова форма №2 боюнча канча адам катталганын жана алардын канчасы мыйзамдуу экенин текшерүү керек- деп талап койду. БШКнын төрайымы Нуржан Щайлдабекова учурда форма 2 боюнча көзөмөл тизме даярдалып жактанын жана ал БШКнын сайтына илине турганын билдирди.