Жаңылыктар
Казак бийлиги негизги азык-түлүктүн баасын кармап турууга убада берүүдө
Дүйнө
Казак бийлиги негизги азык-түлүктүн баасын кармап турууга убада берүүдө

Казакстанда жыл башынан бери социалдык мааниси бар товарлар 4,5% кымбаттады. Бул тууралуу Соода жана интеграция министри Бахыт Султанов билдирди. Аткаминер баалар анча жогорулабаганын, 2019-жылга караганда төмөнүрөөк экенин белгиледи.

"2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу баалардын өсүшү эки эсеге төмөн. Бул өсүштүн 90% өзгөчө абал киргизилген маалда катталган. Баалардын өсүшүнө карантиндик чектөөлөргө байланыштуу азык-түлүккө болгон талаптын жогорулашы, логистиканын өзгөрүшү жана товарларды ташуу, сезондук дефицит себеп болду”, - деди ал.

Азык-түлүк ташыган казакстандык ишкерлер коронавирустун экинчи толкуну болсо жана карантин киргизилсе, кымбатчылык даана сезиле турганын айтышууда.

“Эгер базарлар жабылса, бардык жерде азык-түлүктөр сөзсүз кымбаттайт”,- деди Корганбай Оразаулы.

Экономисттер эгер коронавирустун экинчи толкуну мунайдын баасын арзандатса, анын артынан улуттук валюта кунун жоготуп, инфляция орун алып, азык-түлүк кымбаттай турганын божомолдошууда.

Бул арада казак бийлиги социалдык мааниси бар товарлардын баасын кармап турууга убада берүүдө: премьер-министр район башчыларына бул тапшырма кандай аткарылып жатканын көзөмөлдөөнү буюрду. Аткаминерлер Казакстан кышка даяр экенин, азык-түлүктүн 16 түрү камдалганын, бул үчүн бюджеттен 17 миллион теңге бөлүнгөнүн билдиришти.