Жаңылыктар
Видеокөзөмөл коюлгандан бери жол кырсыктары 80 эсеге кыскарды
Кыргызстан жаңылыктары
Видеокөзөмөл коюлгандан бери жол кырсыктары 80 эсеге кыскарды

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы чоң жолдорго видеокөзөмөл коюлгандан бери жол кырсыктары 80 эсеге кыскарды. Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинин башкы маалымат борборунун башчысы Алмазбек Бообеков Бишкек шардык мэриясында “коопсуз шаар” пилоттук долбоорунун бет ачаарында билдирди. 

Анда ички иштер министри жана андагы өкүлдөр, Бишкек шаарынын мэри, шаардык кеңештин төрагасы долбоорду ишке ашыруунун күнгөй-тескейин талкуулашты. Тартип сакчыларынын маалыматы боюнча, 2015-жылы өлкө боюнча 7 миңден ашык жол кырсыгы катталган. Андан бир миң 60 киши каза таап, 10 миң 401 адам майып болуп калган. 

Адистердин айтымында, жылдан жылга жол кырсыгы көбөйүүдө. Мындан улам, кырсыктарды алдын алуу үчүн профилактикалык иштерди өткөрүү зарыл, -дейт тартип сакчылары. Алар чоң жолдорго видеокөзөмөл киргизүү үчүн жергиликтүү бийлик дагы аракет кылса деген сунуштарын киргизди.