Жаңылыктар
Нарын облусунда ооруканаларды курууга артыкчылык берилет
Аймак
Нарын облусунда ооруканаларды курууга артыкчылык берилет

Нарын облусунда ооруканаларды курууга артыкчылык берилет. Бул пандемиянын кесепетине байланыштуу кабыл алынган чечим. Облустук оорукананын имаратында курулуш иштери уланууда. Мындан сырткары райондук ооруканалар, үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору менен ФАПтардын да абалы текшерилип, талапка жооп бербеген имараттарды оңдоо иштери башталды.

Жалпы өлкөдө жаралган оор эпидемиологиялык абалдын запкысын Нарын облусу да тартты. Бейтаптар ооруканага батпай, дарыгерлердин түйшүгү көбөйдү. Мындай кыйынчылыктар жаңы, заманбап имарат зарыл экенин көрсөттү.