Жаңылыктар
«Шериктештик балдары» эл аралык маданий-агартуу форуму өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
«Шериктештик балдары» эл аралык маданий-агартуу форуму өтүүдө

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» борборунда Жогорку Кеңеш менен Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясы тарабынан уюштурулуп, акыркы жылдары салтка айланып бараткан «Шериктештик балдары» эл аралык маданий-агартуу форуму өтүүдө.

Иш-чарага КМШ өлкөлөрүнүн - Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Белорусия, Азербайжандан келген балдар, ошондой эле КМШ Парламенттер аралык ассамблеясы Кеңешинин башкы катчысы Алексей Сергеев баш болгон КМШ өлкөлөрүнүн парламент мүчөлөрү катышууда.