Жаңылыктар
Өзбекстанда компьютердик томографияга кезек күткөндөр кескин көбөйдү
Дүйнө
Өзбекстанда компьютердик томографияга кезек күткөндөр кескин көбөйдү

Өзбекстандын Термез шаарында компьютердик томографиядан өтүүнү каалаган жарандар түнкү саат үчтөн баштап кезекке турууга аргасыз болушууда.

Калаадагы «Машхура» медициналык борборунун маалыматына караганда, акыркы кездери шаарда өпкөсүн жана дем алуу органдарын текшертүүнү каалаган бейтаптар кескин көбөйдү. Дарыгерлер бир күндө кайрылган жарандардын 40% гана кабыл алуугу үлгүрүп жатышат.

– Калк арасында коронавирус жана пневмония менен ооругандар көбөйдү. Кайрылгандар өтө көп болгондуктан кезекке таңкы үчтөн баштап жазып жатабыз. Биздин борбордогу компьютердик томография күнүнө 40тан ашпаган бейтапты кабыл алат. Калганын кийинки күнгө жазабыз, анткени компьютер ысып кетип жатат. Шаардагы башка ооруканалардын компьютердик томографиялары жарактан чыкканы айтылууда, — деди «Машхура» медициналык борборунун өкүлү.

Ал коронавируска каршы тапшырган тесттин жыйынтыктарын өз убагында ала албаган жарандар өпкөсүн жеке клиникаларда текшертип, өз алдынча үйүндө дарыланууга аргасыз болуп жатышканын кошумчалады.

Маалыматтарга караганда, мындай абал Өзбекстандын Ташкент жана Самарканд шаарларында да байкалууда.

Ташкентте компьютердик томографиядан өтүүнү каалагандар кескин көбөйгөндүктөн, айрым жарандар өз кезегин бир күнгө чейин күтүүгө аргасыз болуп жатышканы кабарланууда. Шаардагы тез жардам кызматынын өкүлү мындай абалдын жаралуусуна коронавируска тапшырган тесттердин жыйынтыгы кеч чыгып жаткандыгы себеп болгонун билдирди.

– COVID-19га каршы тапшырган тесттердин жыйынтыгы кеминде он күндө, айрым учурларда бир нече жумада чыгат. Бул аралыкта вирустан улам жарандарда эки тараптуу пневмония пайда болууда. Ошондуктан тургундардын көбү компьютердик томографиядан өтүп жатышат, — деди ал.

Дарыгерлердин айтымында, акыркы кездери өлкөдө коронавирус инфекциясынан улам пайда болгон эки тараптуу пневмония менен ооругандар көбөйгөнү байкалууда.

Буга чейин бул маалыматты Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги да ырастаган. Бирок азырынча өлкөдө эки тараптуу пневмония менен ооругандардын так саны айтыла элек.