Жаңылыктар
Улуттук баалуулуктарты баяндаган китеп басылып чыкты
Маданият
Улуттук баалуулуктарты баяндаган китеп басылып чыкты

«Кыргыздын элдик баалуулуктары жана нарктуу түшүнүктөрү» деген аталыштагы китеп басылып чыкты.  Бул туралуу китептин автору жана түзүүчүсү, педагог, балдар жазуучусу Сулайман Рысбаев билдирди.

Өз сөзүндө автор: «Китепти кыргыздын нарк, каада-салт, улуттук баалуулугубузду жаштарга жеткиликтүү түшүндүрүш үчүн жаздым. Китеп эки бөлүктөн турат. 1-бөлүгүндө кыргыз элинин калыптанган билими, мамилелери, маданияты туралуу сөз болду. 2-бөлүктө элдик аңгемелер, уламыштар тууралуу маалымат камтылды. Карасаевден, Солтоноевден бери келе жаткан түшүнүктөрдү бир системага салдым»- деп белгилейт.

 Аталган китеп «Улуу тоолор» басмаканасынан 1000 даана нуска менен басылып чыкты.