Жаңылыктар
Жумгалдагы жер көчкүнүн кесепети. Учурда 150гө чукул айдоочу Кара-Кечеде калды
Өзгөчө кырдаал
Жумгалдагы жер көчкүнүн кесепети. Учурда 150гө чукул айдоочу Кара-Кечеде калды

Кара-Кече көмүр кенине барчу жолдун 37- чакырымына кайрадан жер көчкү түшүп, урандылар жолду бөгөп калды. Адистердин божомолунда көчкүнүн көлөмү 2 миллион тоннадан ашат. Учурда каттамды үзгүлтүккө учурутпай туруу максатында Транпорт жана жолдор министрлигинин жумушчулары убактылуу жол салууда. Жол бир жуманын ичинде бүтүп, каттам жанданаары айтылды. Учурда кенде 150дөй айдоочу бар.