Жаңылыктар
Happiness Report: Кыргызстан бактылуу өлкөлөрдүн тизмесинде 85 орунда
Кыргызстан жаңылыктары
Happiness Report: Кыргызстан бактылуу өлкөлөрдүн тизмесинде 85 орунда

Кыргызстан жарандары бактылуу болгон өлкөлөрдүн тизмегинде 85чи орунду ээледи. Мындай маалыматты Эл аралык бакыт индекси (Happiness Report) тарабынан 2016-жылга карата чыгарылган рейтингде белгилүү болду. 

157 өлкө калкынын бактылуулук деңгээли калктын байгерчиликте турушу, жашоо шарты, тургундардын жумуш менен камсыз болушу, социалдык тейлөө сапаты, чечим чыгарууда эркиндиги, жашоочулардын марттыгы жана коррупциянын масштабы эске алынып аныкталган. 


Глобалдык рейтингде Германия, Швейцария жана Испания бактылуу өлкө деп таанылса, Африканын Того, Бурунди мамлекеттери менен Сирия бактысыз деген индекс менен өлчөндү.