Жаңылыктар
Көпчүлүктүн талкуусунда калган паспорт маселеси
Кыргызстан жаңылыктары
Көпчүлүктүн талкуусунда калган паспорт маселеси

Коомчулуктун көңүлүн бурган жаңылыктардын катарын бул жумада АЙ ДИ карт паспортторун жаңылоо боюнча каттоо кызматынын билдирүүсү болду. Белгилүү болгондой, мамлекеттик каттоо кызматы жарандарга биометрикалык паспортторду берүүгө киришип, анда жарандардын улуту үй бүлөөлүк абалы көз көрүнөө жазылбастыгы айтылган. Башкача айтканда бул маалыматтар паспортто жайгаштырылган электрондук ЧИПке жайгаштырылып, аны компьютерге салып ачканда гана окулат экен.

Бирок мамлекеттик каттоо кызматынын мындай демилгеси коомдо ача пикирлерди жаратты. Кайсы бири жарандык документке улутту көрсөтүүнүн кажети жок десе, сөзсүз жазылсын дегендер да бар. Мамлекеттик каттоо кызматы учурда биометрикалык системанын экинчи бөлүгүн ишке ашырууга киришти. Анын алкагында кыргызстандыктар ID үлгүдөгү жаңы паспорт ала башташат. Ага адамдын аты-жөнүнөн кийин, жарактуу мөөнөтү, документтин номери жана кол тамга гана түшүрүлөт. Ал эми улуту, жашаган жери жана нике тууралуу маалымат электрондук базадагы атайын чипте сакталат.

 
Андыктан жаран жашаган жерин алмаштырып же үй-бүлөлүк абалы өзгөрсө азыркыдай паспортту толук алмаштыруунун кереги жок. Арыздын негизинде бул маалыматтарды чиптен эле өзгөртүп койсо болот. Ал эми социалдык тармактардагы талкуу документте улуту көрсөтүлбөй турганына байланыштуу кызыды. Айрымдар “бешинчи графанын” алынып салынышын чыккынчылыкка теңесе, кээ бирлери жаңылануу доорунда мындай өзгөрүүлөрдү түшүнүү менен кабыл алууга чакырышууда. Тарыхчылар негизи паспортто улутун көрсөтүү тажрыйбасы бизге Советтер союзунан калган салт экенин айтышат.

Паспорттогу этникалык тиешелүүлүгүн алуу же калтыруу маселеси көп улуттуу үй-бүлөлөрдө эч кандай маселе жаратпайт. Маселен Кара-Суу районунун Калинин айылында мындай коп улуттуу уй-булолор кадам сайын кездешет. Жана алар оздорун Кыргызстандын жараны катары сезишет, улуту боюнча болунуу деген тушунук жокко чыккан десе болот.

Учурда дүйнөнүн 50гө жакын мамлекеттери паспортто улутун көрсөтүү тажрыйбасынан баш тартышкан. Мисалы өздүк документте жарандыгын гана көрсөткөн өлкөлөргө Австрия, Аргентина, Австралия, Улуу Британия, Италия, Франция, Чехия, Шевеция, Швейцария сыяктуу өнүккөн өлкөлөр кирет. Ал эми мурдагы Советтер союзундагы мамлекеттерден Орусия, Беларусь, Украина, Грузия, Өзбекстан жана Молдова бар. Айрым африка өлкөлөрүндө улутунан сырткары кайсы урууга тиешелүү экенин да көрсөткөн тажрыйба бар. Адистер мунун эскилик дешет.

Жаны демилгеге сын айтып чыккандар да бар. Бир катар коомдук бирикемелердин окулдору паспорттон улуту боюнча графаны алып салуу менен маселе чечилбесин айтып, бийликти бул сунушту четке кагууга чакырышты.
Мамлекеттик каттоо кызматы баштаган реформалар Эл биримдигин жана этностор аралык мамилени чыңдоо концепциясынын негизинде башталган. Мына ошол документте “кыргыз жараны” деген түшүнүктү калыптандыруу башкы максат. Мындан сырткары келечекте бул электрондук паспорт бир эле убакта айдоочулук күбөлүк, банктык карта, пенсиялык китепче жана медициналык карта сыяктуу беш документти өзүнө камтый турганы белгиленди.

Демилгени калктын калың катмары колдоп чыкканы белгилүү. Бирок ошол эле учурда Кыргызстан элдеринин конгресси жана айрым саясатчылар Мамлекеттик каттоо кызматынын кадамын сындап чыгышты. Жаңы документтин долбоору учурда өкмөттүн алдындагы мекемелер аралык комиссияда талкууланып жатат, эгер бир добуштан колдоого алынса жаңы үлгүдөгү паспорттор ушул жылдын аягында бериле баштайт.