Жаңылыктар
Шайлоодо берген добушуң купуя, өзүңдөн башка эч ким билбейт
Шайлоо 2023
Шайлоодо берген добушуң купуя, өзүңдөн башка эч ким билбейт

Азыр шайлоого карата үгүт иштери күчөп, убадалар катуу берилип жатат. Аймактарда акча сунуштаган, таза суу чгарып, канализация киргизип, спорт зал куруп, жол салам деген талапкерлер чыкты. БШК кайра-кайра добуш сатуу, сатып алуу кылмыш экенин, ага кирептер болгон жаран жоопкерчиликке тартылаарын айтып жатат. Бирок, добуш берүү купуя болоорун, шайлоочунун кимге добуш бергени өзүнөн башка эч ким билбей тургандыгына ишенбегендер да бар. 

Паспорт маалыматтарын чогултуу, форма №2 менен каттоого алуу сыяктуу добуш чогултуунун миң түркүн амалдары иштеп жатат. Бирок, акыркы чекитти шайлоочунун өз эрки менен берилген добушу коет.

Уктурууга БШКнын төрагасынын орун басары Бегматов Абдыжапар, БШКнын мурдагы мүчөсү Рашид Бекбасаров, шайлоо маселелери боюнча эксперттер Бакыт Жумагулов жана Тагир Осмоналиев катышты.