Жакшылап ойлонуп, тандоо жасап, добуш бериңиз. Ойлонуу үчүн эки жумадан бир аз көбүрөөк убакыт калды. Учурда тандоосуна бекем ишенип тургандар бар. Ошол эле учурда арсар болуп же кадамын аныктай албай жаткандар да жок эмес. Бирок ар бир добуш бакубат мамлекетти курууда маанилүү. Бирок "баарына каршы" графанын алдына белги коюуну көздөгөн адамдардын да маанайы бар. Талдоочулардын айтымында "баарына каршы" добуш берүүнүн кесепети тийиши мүмкүн. Эгер көпчүлүк мындай тандоого барса кандай болот? Бул кадамдын мааниси барбы?