Май айынын жаан чачындуу аба-ырайынын кийин, жайдын башы аптаптуу ысык менен башталды. Мындай кырдаал тоолордо топтолгон кар мөңгүлөрдүн эришин шарттап, дарыяларда суулардын деңгээли көтөрүлдү. Аптанын башынан тарта, айрым каналдарда суу ташкындап айдоо аянтары менен жайыт жерлерди каптады.
Ал эми эң эле олуттуу коркунуч туудурганы Нарын дарыясы болду. Дээрлик төрт метрге чейин көтөрүлгөн суунун албууттанган агымын көргөн киши эле чочуй тургандай. Өзгөчө Нарын шаарындагы дарыянын жээгинде жашагандарга коркунуч туулду. Аймакка кабар алганы шашылыш түрдө дароо өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жетип барды. Министр башында турган жоон топ, суу ташкындарынан жабыркаган инфрастуруктуралык обьектилерди карап чыгышты.Ушул апта ичиндеги табигаттын катаал кырдаалы канча материалдык чыгым алып келгени али эсептелине элек. Бирок суу алып кеткен көпүрөлөрдү тезинен куруу, жеп кеткен жолдорду калыбына келтирүү сыяктуу түмөн түйшүктүү жумуштар өкмөт мойнуна жүктөлдү.
Аптаптуу ысыктан кийинки, нөшөрлөп жааган жамгыр өлкө аймагындагы дарыялардын деңгээли көтөрүлүшүнө алып келди. Натыйжада айрым аймактарды суу каптоо коркунучу жаралып, кээ бир жерлерде көпүрөлөрдү суу агызып кетүүдө. Мындан тышкары айдоо аянттары менен жайыт аймактарын суу каптап жатат. Чүй облусунун Панфилов районундагы каналдардан ташыган суу, Күрпүлдөк айылындагы 40 гектар жайыт жери жана 6 гектар айдоо аянтын каптап кетти.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жайыт жерге топтолгон сууну дренаждык каналга агызуу үчүн атайын арык чаап чыгышты. Антпесе суу ташкыны дагы жайылып, 90 гектар айдоо аянтына кедергисин тийгизмек.
Чу дарыясы Кыргызстандын жана Казакстандын аймагынан өтүп, эки өлкөнү чектеп турат. Акыркы жылдары дарыянын сол жээги желип жатканы көбүрөөк байкалууда. Өткөн апта соңунда Бишкек-Торугарт автожолунун 68-чакырымын суу жеп кетип, миң тоннадан ашык таш төгүлдү. Учурда бул аймак дагы тиешелүү тараптардын көзөмөлүндө турат. Чоң жолдун 33-чакырымы дагы кооптуу жагдай жаратууда. Бул аймакта жээктерди бекемдөө менен катар, суунун көлөмүн азайтуу иштери жүрүп жатат.
Узундугу 1 миң 67 чакырым келген Чу дарыясынын Чүй облусундагы бөлүгүндө эле 200гө чукул коркунуч келтирген жагдайлар бар экендиги аныкталган. Анын 39 өтө коркунучтуу деп эсептелет. Каржы министрлиги эсептеп чыккан сметага ылайык, Чу дарыясынын жээгин толук бекемдеп чыгуу үчүн 500 млн сомго жакын каражат керектелет. Ал эми адистердин баамында керектелүүчү каражаттын суммасы мындан эки эсеп көп талап кылынат.
Чу дарыясынын ташкындоосуна байланыштуу жолдун суу астында калуу коркунучу жаралган Бишкек-Нарын-Торугарт жол тилкесине апта ичинде өкмөт башчы өзү барды. Абал менен жеринен таанышкан соң премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Транспорт жана коммуникациялар министрлигине кооптуу аймактардагы жээктерди бекемдөөнү күчөтүү тапшырмасын берди.
Ал эми бул Талас суусунун бүгүнкү күндөгү көрүнүшү. Демейдеги деңгээлинен бир топко жогорулаган дарыя, буга чейин Көк кашат айылындагы көпүрөнү алып кеткен. Бүгүн болсо Талас шаарындагы стадионду суу каптап, эки үйдүн короосуна чейин кирди. Баарынан да Нарын дарыясынын деңгээли коркунуч жаратууда. Эки күн мурда дарыядагы суунун ылдымдыгы секундасына 700 куб метрге жеткен. Мындан улам жээкке жакын жашаган тургундар жакасын карманышууда.
Нарын дарыясы жай аккан кезде бул асма көпүрө аркылуу эл аркы берки өйүзгө каттачу. Эми болсо андан өтүүгө тыюу салынды. Суунун деңгээли көпүрөгө жетип, а түгүл агымдын кубаттуу күчү жыгачтарын сындырып кетүүдө. Анткен менен азырынча дарыя жээктеги турак жайларга зыянын тийгизе элек. Бирок дагы төрт метрге көтөрүлсө, 80ден ашуун үйдү капташы мүмкүн.
Ысык-Көл облусунун бир катар райондорунда каналдагы суулардын деңгээли көтөрүлүп, көпүрөнү жана жолдорду алып кетүү коркунучун жаратты. Учурда селдин алдын алуу боюнча бардык күч тартылып иштеп жатат. Тоң районунда 14-июнда түнкү саат 20:30 чамасында Темир-Канат айылынын түштүк-чыгыш тарабынан өткөн каналдагы суунун деңгээли көтөрүлүп, көпүрөгө жана айылга коркунуч жараткан. Жарандык коргонуунун күчтөрү күчөтүлгөн режимде иштеп, кооптуу аймактар атайын комиссия тарабынан көзөмөлдөнүүдө.
Жалпысынан алганда өлкө боюнча суу ташкындары турак жайларга олуттуу зыян келтирген жок. Бирок инфраструктурага кесепетин тийгизип, жолдорду каптап, көпүрөлөрдү бузуп кетти. Мындан тышкары айыл чарба жана жайыт жерлери да зыянга учурап жатат. Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарындагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшү, өтө аптаптуу ысыктан кийинки нөшөрлүү жамгырга байланыштуу. Анткени ысыкта ээриген мөңгү сууларына жамгыр кошул ташыл болуп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги туруксуз аба ырайы ушул аптанын аягына чейин кармалаарын эскерткен.