Жаңылыктар
Өлкөдө салыктын өлчөмү 8 айда 37,5 млрд сомду түздү
Экономика
Өлкөдө салыктын өлчөмү 8 айда 37,5 млрд сомду түздү

2020-жылдын 8 айында салыктык кирешелердин көлөмү дээрлик өткөн жылдын ушул мезгилинин деңгээлине жетти. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын бир айлык обзорунда айтылат.

Банктын адистеринин айтымында, алтын казуу тармагын эске албаганда, экономикалык төмөндөөнүн басаңдашы август айында байкалууда. Август айынын башында өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал турукташып, натыйжада эпидемиянын туу чокусунда өз алдынча жабылган ишканалардын иши жанданды.

Азырынча массалык көңүл ачуу жана маданий иш-чараларды өткөрүүчү уюмдардын ишмердүүлүгүнө коюлган чектөөлөр сакталып калды. Премьер-министрдин эсептөөсүндө  чакан ишкердүүлүк дээрлик 80% калыбына келтирилген. Эгерде 2020-жылдын январь-февраль айларында берилген патенттердин саны 95-97 миң болсо, 2020-жылдын март айында бул көрсөткүч 20 миңге чейин төмөндөгөн. Август айында берилген патенттердин саны 75 миңге жакындады ", - деп белгиленет.