Жаңылыктар
«Коопсуз шаар» долбоорун жандантуу аракеттери улантылат
Кыргызстан жаңылыктары
«Коопсуз шаар» долбоорун жандантуу аракеттери улантылат

«Коопсуз шаар»  долбоорунун соту бүткөнчө жергиликтүү бийлик менен ишти жандантуу аракеттери  улантылат.  Бул тууралуу Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, бул долбоорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бийлик органдарынын жардамы керек. Анткени жол, жол сызыктары, жол чырактары жергиликтүү бийликтин колунда. Ал арада Бишкек мэриясы “Коопсуз шаар” долбоорун колдоп берерин билдирүүдө.

Кыргызстанда бир нече жылдан бери «Коопсуз шаар» долбоору ишке ашпай жатат. Долбоор боюнча эки ирет тендер өткөрүлүп, экөөндө тең мыйзам бузуулар менен коштолгон деп жокко чыгарылган. Ички иштер министрлиги акыркы тендерде утуп алган орусиялык Стилсофт компаниясын жалган документтерди пайдаланган жана айрым маалыматтарды жашырган –деп алар менен соттошууда. Ал эми аталган Орусиялык компания министрликтин дооматтарын четке кагып келет. Андыктан Ички иштер министрлиги учурда ишти Бишкек шаарынын мэриясы  жана жеогиликтүү бийликтин жардамы менен ишке ашырууну көздөөдө.

 

Кашкар Жунушалиев  соттон кайсыл бир компания утуп чыкса, алардын ишти бүтүрүшүнө министрлик каршы  эместигин кошумчалады. Ал арада  Бишкек мэриясы  “Коопсуз шаар” долбоорун колдоп берет. Шаардык кеңеш ушул жылдын экинчи жарымына бюджетке программа үчүн кошумча 40 миллион сом караштыруу ниетинде болууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов билдирген. Маалыматка ылайык,  долбоорго программисттер дагы тартылмакчы. Ал арада Бишкек шаарындагы жана аймактардагы стратегиялык жолдорго видео көзөмөл коюлгандан бери жол кырсыктары 80 пайызга чеийн кыскарганын  Ички иштер министрлигинин башкы маалымат борборунун башчысы Алмазбек Бообеков маалымдады.

Негизи башындагы  ылайык, долбоор 3 этапта жүргүзүлмөк. Биринчи этапка Бишкек  экинчи Ош , үчүнчү Бишкек-Каракол шаарлары киргизилген. Долбоор  алкагында Бишкек, Ош шаарларында, Бишкек — Каракол жана Бишкек — аэропорт "Манас" жолдору жабдылат. Көзөмөл камералары көчөлөрдүн кесилишинде эле эмес, сейил бак жана эс алуу аймактарында дагы орнотулмакчы. Коомчулук дагы бул долбоор качан ишке ашат –деп чыдамсыздык менен күтүүдө.

Ошентип, Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоору соттук теришитрүүлөрдөн улам ишке ашпай токтоп турат. Маалыматка ылайык, учурда аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу маселе сотто каралууда. Тактап айтканда, буга чейинки тендердин жеңүүчүлөрүн Ички иштер министрлиги сотко берген. Министрлик  эми долбоорду Бишкек мэриясы менен жергиликтүү бийликтин жардамы аркылуу өзү ишке ашыруу ниетинде болууда.

М.Абдраманова, “Биринчи  радио”