Жаңылыктар
Сасык тумоого каршы акысыз эмдөөнү кимдер ала алат
Ден соолук
Сасык тумоого каршы акысыз эмдөөнү кимдер ала алат

Кыргызстандын Мамлекеттик санэпидкөзөмөл  борбору Орусияда жасалган сасык тумоого каршы "Гриппол плюс" вакцинасын алды. 

Дем алуу органдарынын курч кармоочу респиратордук түрүнө каршы эмдөө төмөнкү баскычтагы адамдарга акысыз жасалат:

-Жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө, тез медициналык жардам, реанимациялык бөлүмдөрдө, төрөт үйлөрүндө иштеген медицина кызматкерлерге жана Үй-бүлөлүк медициналык борбордун дарыгерлерине;

-Балдар үйүндөгү, интернаттагы балдарга жана кызматкерлерге, карылар үйү, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашаган үйлөрдүн кызматкерлерине , өпкө, жүрөк, боор өнөкөт оорулары бар,кант диабети, ашыкча салмак менен жабыркагандарга, көп ооруган балдарга, кош бойлуу аялдарга жана 65 жаштан жогору адамдарга акысыз берилет. 

Жарандар вакцинаны алыш үчүн каттоодо турган үй-бүлөлүк медициналык борборуна кайрыла алышат. 

Сасык тумоого каршы вакцинаны акы төлөп, жеке медициналык клиникалардан алса болот. Алар:" Малыш", "Гиппократ", "Эдельвейс", "Элкрит", "Кроха", "Поликлиника 312", пр.Асымбекованын клиникасында, ЦАДМИР, "Интермедикал" медклиникалары.

Эскерте кетсек, 16-сентябрдан тарта сасык тумоого каршы эмдөө иштери Бишкек жана Чүй облусунун жашоочуларына жасалууда.