Жаңылыктар
Ташкент-Тамчы аба каттамы ачылышы мүмкүн
Туризм
Ташкент-Тамчы аба каттамы ачылышы мүмкүн

Өзбекстан, Орусия жана Казакстандын авиакомпаниялары Ысык-Көлгө түз аба каттамдарын ачууну пландап жатат. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттиги билдирди. Учурда эл аралык Тамчы аэропортунда оңдоо иштери жүрүүдө. Сүйлөшүүлөр соңуна чыкса, эс алуучулар көл жээгине түз каттамдар аркылуу келе алат.  Учурда Орусиянын Челябинск шаарынан — Бишкек түз аба каттамы иштеп жатат.

Өзбекстан мамлекетинен "Өзбек аба жолдору" Ташкент —Тамчы аба каттамын ачууга кызыктар болсо, Казакстандан SCAT компаниясы Шымкенттен, Алматыдан жана Астанадан Тамчыга түз каттамды ачуу ниетин билдирген. Ал эми Орусиялык “S7 Airlines” Новосибирсктен —Тамчыга каттамын ачат. Жарандык авиация агенттигинин директору Эрмек Өмүралиев, бул компаниялар Кыргызстандын эски өнөктөштөрү. Алар Ысык-Көлдү жана анын туристтик потенциялын жакшы билет дейт. Аба каттамдарды ачуу тууралуу учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Ал эми учурда Ысык-Көлдүн жээгиндеги Тамчы айылындагы аэропорттунда оңдоо иштери кызуу  жүрүп жатат. Эл аралык стандарттарга жооп берүү үчүн жарык берүү, учактардын конуу системасын жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо иштери жасалууда. Оңдо иштери аягына чыккандан кийин аэропорт күнү-түнү иштеп баштайт деп билдирди “Манас” эл аралык аэропорту ишканасынын аэропортторду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бакыт Бекбача уулу. Ошондой эле ал кошумчалагандай ички каттамдардан Ош-Тамчы-Ош каттамдары былтыркыдай эле быйыл, 1-июлдан баштап ишке кирет. Каттамдардын көбөйүүсү келген туристтердин санына да байланыштуу. 

Келген туристтерди мейманкана, пансионаттарга акысыз жана арзан баада жеткирүү, тейлөө маскатында Тамчы аэропортунан автобустар уюштурулат.

Бул тууралуу Туризм депортаментинин директору Азамат Жаманкулов билдирди. Андан сырткары Ысык-Көлгө жакын шаарлар Алмата, Ташкентен да автобустардын каттамдары да ачылат.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 8-июнь күнү да Түштүк Урал менен Кыргызстандын ортосундагы байланышты түзүү максатында Челябинск — Бишкек аба каттамы расмий ачылып, иштеп жатат. Аталган аба каттамы буга чейин сүйлөшүлгөн макулдашуулардын арты менен ишке ашкан.

С. Идирисов, “Биринчи радио”