Жаңылыктар
Дайынсыз жоголгон балдардын саны 45ке жетти
Кыргызстан жаңылыктары
Дайынсыз жоголгон балдардын саны 45ке жетти

2001-жылдан бери өлкө аймагында 45 бала дайынсыз жоголгон деп эсептелип келет. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, издөөдө жүргөн балдардын  жашы  учурда  30га чукулдап калды.  Дайыны билингенге чейин  бул балдар издөөгө  алына берет дешет   милиция кызматкерлери. Талдоочулар маселени чечүү үчүн тиешелүү кызматтар менен  ата-энелердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу зарылчылыгын белгилешүүдө. Балдар  үй бүлөдө  зордук-зомбулук, социалдык  көйгөйлөрдөн  улам  үйүнөн  качып  кетишетрин билдиришкен   талдоочулар   ата-энелердин жоопкерчилигин  күчөтүүгө  мезгил жетти дешти. 

Кыш айларында  маалымат каражаттарында  Россиянын вице-консулу Кыргызстандан  Россияга 13 жашар кыз менен анын беш жашар инисин Новосибирскиге алып келгенин жазып чыгышкан.  Анда балдардын өгөй атасы тарабынан кодуланып, энесинин өлүмүнөн кийин орган трансплантациясы үчүн цыган улутундагы адамдарга сатылып кеткени айтылган. Ал турсун бул боюнча Новосибирск тергөө комитети кылмыш ишин козгогон болчу. Бирок мунун бардыгы текшерүүнүн жыйынтыгында жалган болуп  чыкты. Такталбаган  маалыматтарды  коомчулукка  жарыялашкандыктары   тууралуу   Россиянын тиешелүү кызматтарына  кат жиберилген-дейт Ички иштер  министрлигинин  кылмыш иликтөө башкармалыгынын  бөлүмүн башчысы  Бакыт  Матисаков. 

Республикада    денеси   органга  сатылып кеткен  балдар тууралуу  маалыматтар жок болгон менен 15 жылдан ашык убакыттын ичинде балдардын дайынсыз  жоголуп жаткандыгы боюнча фактылары катталып келет. Тактап айтканда, 2001-жылдан  бүгүнкү  күнгө чейин 4 5 бала издөөдө  жүрөт. Алардын  кайда экендиги тууралуу  бир дагы  маалымат жок.

Маалыматтарга караганда,  2001-жылдан бери жыл сайын кеминде 2 бала дайынсыз жоголот. Тактап айтканда, 2001-жылы 2, 2002-жылы 4, 2003-жылы 4, 2004-жылы 2, 2005-жылы 5 бала болуп  ушул  мезгилге чейин  45  баланын дайыны жок.  Быйылкы жылдын башынан тартып 10 бала издөөдө  жүргөндүгүн Ички иштер министрлигинен  билдиришти.   

Г. Каражанова, “Биринчи радио”