Жаңылыктар
Дарек алмаштыруу боюнча сотко чейинки териштирүүлөр
Кылмыш
Дарек алмаштыруу боюнча сотко чейинки териштирүүлөр

Шайлоочуларды башка участокко ташып алып баруу, добуштарды сатып алуу, документтерди жасалгалоо аракеттери боюнча фактылар айтылып жатат. Мындай көрүнүштөргө байланыштуу Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 21 материал катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. 

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Башкы прокуратура эске салгандай, “КР президентин, Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга ылайык, ар бир шайлоочу алдын ала тизмеден бар же жок экендигин тактап алышы керек. 

Тизмеден өзүн таппай калган учурда, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен, ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылууга укуктуу.