Жаңылыктар
Өкмөттүн түзүмү өзгөрүшү мүмкүн
Саясат
Өкмөттүн түзүмү өзгөрүшү мүмкүн

Премьер-министр Жогорку Кеңешке Өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү жөнүндө сунушун жөнөттү. Ага ылайык Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу ошондой эле Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетин түзүү, эки министрликти кайрадан түзүү сунушталууда. Ал арада талдоочулар өкмөттүн түзүмүнө карата пикирлерин билдирип чыгышты.

Аткаруу бийлиги төмөнкүдөй өзгөртүүну сунуштап жатат:

- Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик  агенттиктин базасында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнөр жай, энергетика  жана жер казынасын пайдалануу комитетин түзүү;

- Айыл  чарба жана мелиорация министрлигинин функцияларын азык-түлүк өнөр жайын өнүктүрүү  боюнчакошумча функциялар менен толуктоо;

-Мамлекеттик байланыш агенттиги жана КР Өкмөтүнө караштуу  Электрондук башкаруу борборунун базасында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик маалыматтык  технологиялар жана байланыш комитетин түзүү;

- Экономика министрлигин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигин,  Мамлекеттик каттоо кызмматын, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик  агенттикти кайрадан түзүү жана функцияларын кыскартуу;

- Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик  агенттиктин функцияларын жер казынасын пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча функцияны  кошумчалоо жолу аркылуу кеңейтүү.

Бийликтин аткаруу бутагынын түзүмүнө киргизилүүчү өзгөртүүлөр штаттык санды көбөйтүүнү жана  бюджеттен  кошумча каржылоону талап кылбайт  деп билдирет Кыргыз Өкмөтүнүн маалымат кызматы. Буга чейин Өкмөт башчы мамлекеттик органдарды оптималдаштыруу тапшырмасын берген.   Бул багытта  жумушчу топ  да  түзүлгөн.  Премьер-министрдин маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгулов оптималдаштыруу аткаруу бийлигине таандык бардык мекеме, уюмдарда жүргүзүлөөрүн “Биринчи радиого” билдирген.

Мамлекеттик кызматкерлерди кыскартуу тууралуу айтылганы менен өкмөттүн сунушу боюнча мамлекеттик органдарды бириктирүү  гана болуп жатат дегендер да бар. Социология илимдеринин кандидаты Кундуз Базакеева мындай өзгөртүүдөн жыйынтык чыгаарынан күмөн  санайт.

Сунушталган түзүм боюнча Өкмөт  приоритеттүү болгон  тоо-кен, өнөр жай,  энергетика  жана айыл  чарбасыны көңүл буруу аракетин көрүп жаткандыгын ЖКтин депутаты  Абдывахап Нурбаев  белгиледи.

Учурда Кыргызстанда 12 министрлик, 11 кызмат, фонд, инспекция, агенттиктер, 2 мамлекеттик комитет иш алып барууда. Эми алдыда  Өкмөтүн түзүмү Жогорку Кеңеште каралат.

Гүлбүбү Усенова, “Биринчи радио”