Жаңылыктар
Жол эрежесин бузгандар - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Жол эрежесин бузгандар - Кыргызстан жаңылыктары

18-19-сентябрь күндөрү жол кырсыгынын алдын алуу, коомдук коопсуздукту жана жол эрежесин камсыз кылуу максатында жүргүзүлгөн ыкчам алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында 871 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди. Жол эрежесин бузгандардын 33ү мас абалында унаа башкаргандар болсо, терезелери караңгылатылган 6 унаа, документтери жок унаа башкарган 30 учур катталып, 802 адам ар кандай эреже бузуулар менен катталган. Атайын айып унаа токтотуучу жайына 104 унаа токтотулган. Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жолдо сак болууга жана жол кыймылынын эрежесин так сактоого чакырат.