Бүгүн, 21-сентябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, «Бир Бол» партиясынын мүчөсү Норвегиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу болуп саналат.
Кыргызстандын мыйзамы боюнча консул саясий ишмердүүлүк жүргүзө албайт. Буга байланыштуу Башкы прокуратура Тышкы иштер министрлигине аталган мыйзам бузууну кечиктирбестен жоюу боюнча жазуу түрүндө эскертүү берди.
Ошондой эле «Замандаш» партиясынын мүчөсү учурда Социалдык фонддун Кадамжай районундагы башкармалыгынын жетекчиси экендиги аныкталды.«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» мыйзамына ылайык, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөсү боло албайт. Ага байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Социалдык фонддун жетекчилигине бул маселени карап, мыйзам чегинде чечим чыгаруу жөнүндө кат жөнөтүлдү.