Жаңылыктар
Кой-Таш окуялары боюнча сот: соттук териштирүү 23-сентябрга жылдырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кой-Таш окуялары боюнча сот: соттук териштирүү 23-сентябрга жылдырылды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда былтыр 7-8-август күнү Кой-Ташта болгон окуяларга байланыштуу кылмыш иши боюнча отурум өтүүдө. 

Бүгүнкү соттук отурумга жактоочулардын бири келбегендиктен соттук териштирүү 23-сентябрга жылдырылды. Эскерте кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын кесепетинен атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган.