Жаңылыктар
Yгүттөн чыккан чатак, же мыйзамды кимдер бузууда? "Шакжүрүш" уктуруусу
Шайлоо 2023
Yгүттөн чыккан чатак, же мыйзамды кимдер бузууда? "Шакжүрүш" уктуруусу

Жекшемби күнү, 20-сентябрда Ош областынын Араван айылында үгүт жүргүзүп жатканда чатак чыгып, 12 киши жаракат алып ооруканага түштү. 

Ош облустук милициясы «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын талапкери жергиликтүү башка партиянын талапкерин жамандап сүйлөй баштаганда чыр чыккан деп билдирди. Көп узабай окуяга тиешелүү деген партиялар билдирүү таратышты. КР премьер министри Кубатбек Боронов окуяны ыкчам иликтөөгө алып, күнөөлүүлөрдү өлкөнүн тиешелүү мыйзамдарына ылайык жоопко тартууну тапшырды.

КР ИИМ чыр-чатакты алдын алууда кетирген кемчиликтери үчүн өзүнүн кызматкерлерине чара көрдү. Буга чейин дагы Башкы прокуратура шайлоого катышып жаткан “Бир Бол” жана “Замандаш” партияларынан мыйзам бузууларды аныктаган. Айрым талапкерлерге, саясий партияларга эскертүүлөр берилип жатат.

Азыр үгүт иштери абдан кызып турган учур. Шайлоого чейин дагы мыйзам бузуулар, эреже-талаптарга каршы келген аракеттер болуп кетпейт деген кепилдик жок. Шайлоону тынч өткөрүүгө мамлекеттик бийлик бутактары аракеттерди көрүп жатат. Ал эми саясий партиялар, талапкерлер жоопкерчиликти сезип жатабы? Биз бул багытта студиянын меймандары менен талкуу жүргүзөбүз.

Уктурууга ИИМнин мурдагы орун басары, коомдук ишмер Өмүрбек Эгембердиев, саясий илимдердин кандидаты, политолог Бакыт Орунбеков жана саясий серепчи Табылды Акеров катышат. Окуя тууралуу ИИМ басма сөз кызматынын жетекчиси, полковник маалымат алабыз.