Жаңылыктар
Аксыда сел жүрүп, 76 үйдү суу каптап, 4 көпүрө жараксыз калды
Өзгөчө кырдаал
Аксыда сел жүрүп, 76 үйдү суу каптап, 4 көпүрө жараксыз калды

Июндун 17-18 караган түнү катуу жааган жамгырдан улам Аксыда сел жүрдү. 

Селдин кесепетинен Ак-Жол айыл аймагындагы 4 көпүрө жараксыз абалга келди. 76 кожолуктун короолорун каптап, айрым турак үйлөргө да суу кирген. Шынаа айылына келүүчү сугат суунун нугу бузулуп, айдоо аянттары да жабыркады.

 Айылдагы ички жолдор ылайга толгон. Кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн ӨКМ тарабынан 9 тонна цемент жана 300 кг арматура бөлүнүп, учурда айыл ичин ирээтке келтирүү иши жүрүп жатат.

 "Бүгүнкү күнү жергиликтүү бюджет тарабынан атайын техникалар коюулуп, акча каражаттар бөлүнүп, үйлөргө келтирилген  зыяндарды калыбына келтирүү жумуштары жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү бүтөбүз," - дейт Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиев.