Жаңылыктар
Шайлоо-2020: Ошто мыйзам бузган жети учур катталды
Шайлоо 2023
Шайлоо-2020: Ошто мыйзам бузган жети учур катталды

Ошто үгүт иштери башталгандан тартып, мыйзам бузган жети учур катталды. Адистер, коомдук тартипти сактоодо талапкерлерди жоопкерчиликтүү болууга чакырууда. 4-октябрда өтчү шайлоо күнүндө Ош жергесинде 582 шайлоо тилкеси иштейт.

20-сентябрь күнү Араван районунун Юсупов айыл өкмөтүндө өтүп жаткан үгүт иши учурунда чыр чыкты. Окуя туурасында билдирүү жергиликтүү милиция бөлүмүнө кечки жетилерде кабарланган. Жаңжалдан 12 жаран райондук ооруканага кайрылган. Бейтапканага жаткырылган беш жарандын бирөөсүнүн абалы орто оор деп бааланууда. Эки тараптын пикир келишпестиги - Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталды. Тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалып, келтирилген чыгым эсептелүүдө. Жалпы облус боюнча учурда, коомдук саясий абал туруктуу.

Ош облусунун аймагында үгүт иш чарасы башталган мезгилден тартып, жалпы 7 мыйзам бузуу фактысы катталган. Адистер, коомдук тартипти камсыздоодо талапкерлердин да жоопкерчилигин эске салат. Жүрүм-турум этикасына ылайык, талапкерлерге эл алдында сүйлөө учурунда жана билдирүүлөрүндө такталбаган маалыматтарды жарыялоого, кимдир бирөөнүн ар намысын каралоого жана абийирине шек келтирүүсүнө жол берилбейт.