Жаңылыктар
Добуш сатууга коом дагы каршы турушу керек - Кыргызстан жаңылыктары
Шайлоо 2023
Добуш сатууга  коом дагы каршы турушу керек - Кыргызстан жаңылыктары

Ар бир шайлоонун максаты- атаандаштарга бирдей шарт түзүп берүү. Бул жолку өнөктүктө да аталган алтын эрежеге өзгөчө көңүл бурулууда. Бирок, Кыргызстанда добуш сатуу жана сатып алуу ыкмасы ар бир шайлоодо көтөрүлчү көйгөй.

Шайлоо өнөктүгү башталгандан тарта айрым партиялар паспорттогу маалыматтарды чогултуп жатат деген имиш кептер көбөйдү. Бирок, тиешелүү органдарга расмий кайрылып, мыйзамсыз аракеттерди тастыктаган адам жок болууда. Бул тууралуу “Биринчи радиого” берген маегинде президент Сооронбай Жээнбеков да белгилеген. Борбордук шайлоо комиссиясы паспорттогу маалыматтарды чогултуу добуш берүүгө эч кандай таасир этпесин, бирок ошол эле учурда жеке маалыматтарды чоочун бирөөгө берүү кооптуу экенин эскертет.

Добуш сатып алгандарга жана саткандарга да мыйзам алкагында катаал чара көрүлөт.

Тиешелүү мамлекеттик органдар добуш сатууга же сатып алууга байланышкан маалыматтар келип түшсө, алардын ар бири менен иш алып барууда. Адистер белгилегендей, добушту сатып алууга кызыккан партиялардан сырткары, кандайдыр бир деңгээлде жарандар өздөрү да добушун сатууга барып жаткан учурлар жок эмес.

Добуш сатып алууга каршы күрөшүү бир гана мамлекеттик органдардын милдети эмес, бул маселе биринчи кезекте партиялар, партиянын ичиндеги талапкерлер, андан кийин шайлоочулардан түздөн-түз көз каранды экенин президент баса белгилеген. Шайлоо боюнча Коопсуздук кеңешинин атайын жыйыны да өтүп, эң негизгиси - кандай гана мыйзам бузуу болбосун, анын ичинде добуш сатуу фактылары боюнча бардык партия, талапкерлерге бирдей чара көрүлөт деген талап коюлган. ичинде добуш сатуу фактылары боюнча бардык партия, талапкерлерге бирдей чара көрүлөт деген талап коюлган. ичинде добуш сатуу фактылары боюнча бардык партия, талапкерлерге бирдей чара көрүлөт деген талап коюлган.