Жаңылыктар
Ача-Кайыңды айылына элге керектүү эмкана салынды
Аймак
Ача-Кайыңды айылына элге керектүү эмкана салынды

Нарындын Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында жаңы күндүзгү стационар курулуп, пайдаланууга берилди. 

Сегиз койкага ылайыкталган бул имаратты куруу айыл өкмөтү тарабынан демилгеленип, демөөрчүлөрдүн, айыл тургундарынын колдоосу менен ишке ашты. 

Күндүзгү дарылоо бөлүмүнө жалпысынан 600 миң сом сарпталган. Ачылыш аземине жергиликтүү бийлик жана айыл тургундары катышып, имараттын салынышына салым кошкондорго сыйлыктар тапшырылды. 

Эскерте кетсек, оору күчүндө турган маалда дал ушул айыл оорунун очогу болуп турган. Ача-Кайыңды айылында 759 түтүндө 5 миң 250 адам жашайт. Фельдшердик-акушердик бөлүм тар болгондуктан пандемия убагында мектептин имаратына күндүзгү стационар уюштурулуп, элге медициналык кызмат көрсөтүлгөн.