Жаңылыктар
Кыргызстандык окуучулар математика боюнча эл аралык олимпиадага онлайн катышууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандык окуучулар математика боюнча эл аралык олимпиадага  онлайн катышууда

Бишкек шаарындагы  “Газпром Кыргызстан” мектебинде аралыктан видео көзөмөлдөө менен онлайн режимде жогорку класстын окуучулары арасында математика боюнча дүйнөлүк олимпиада өтүп жатат. 

Олимпиада жыл сайын ар кайсы өлкөдө өткөрүлүп, ага 5 континенттен 100 ашуун өлкө катышат. Олимпиада Эл аралык математикалык олимпиадалык Кеңешинин ыйгарым укуктуу өкүлү Медеубек Кунгожиндин байкоочулугунун астында өткөрүлүүдө. Кыргызстандын улуттук курамасынын машыктыруучу Ишматов Махамаджан. 

61-Эл аралык математикалык олимпиада сентябрь айында Санкт-Петербург шаарында өтмөк. Бирок, коронавирус пандемиясына байланыштуу, олимпиада аралыктан өткөрүлүп, ар бир катышуучу берилген тапшырмаларды өз өлкөсүндө онлайн түрдө аткаруу шарты коюлган.