“Ата Мекен”, “Бир Бол”, “Республика”, “Реформа” саясий партиялары тилектештик меморандумуна кол коюшат. Бул тууралуу аталган партиялардын штабынан билдиришти.
Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын мандатына талапкерлер коомдогу нааразычылыктардын өсүшүнө байланыштуу, шайлоочуларды массалык түрдө сатып алуу жана бийликчил партиялар тарабынан административдик ресурс колдонуу коркунучун эске алып, таза жана акыйкат шайлоо үчүн чечкиндүү күрөш жүргүзүү тилегин билдиришти.
Тилектештик меморандумуна кол коюу бүгүн өтөт. Ага партия лидерлери, ар бир партиянын 10дон талапкерлери жана ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт.