Жаңылыктар
БШКга Япония жана БУУӨП тарабынан биометриялык жабдуулар берилди
Шайлоо 2023
БШКга Япония жана БУУӨП тарабынан биометриялык жабдуулар берилди

4-октябрда адилеттүү жана ачык-айкын шайлоолорду өткөрүү максатында Кыргызстан БУУӨП Борбордук шайлоо комитетине шайлоочуларды идентификациялоо үчүн биометриялык жабдууларды берди. Жабдуу Япониянын Өкмөтүнүн каржылык колдоосу астында ишке ашырылып жаткан БУУӨПтүн «2020-2021-жылдагы Кыргызстандагы шайлоолорду колдоо» Программасынын алкагында берилди.

“БУУӨП жана Япониянын Өкмөтүнө Кыргызстандагы шайлоолорду өткөрүүгө көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз. Кыргызстандагы шайлоо процесстерине маалыматтык технологияларды колдонуу 2015-жылдан башталган мезгилдеги өткөн шайлоо циклинде өзүнүн эффективдүүлүгүн далилдеди, биз алдыда өтө турган ушул жылдын 4-октябрындагы КР ЖКсынын депутаттарын шайлоолор дагы ачык-айкын жана адилеттүү өтөт деп ишенебиз. БШК, өз кезегинде Кыргызстандагы шайлоо процессин мындан ары дагы жакшыртууга жана аны технологиялык жактан эл аралык стандарттарга дал келтирүү максатында алдыңкылардан кылууга аракеттенет”,- деп билдирди БШК төрайымы Н.Шайлдабекова. 

Жабдууларды өткөрүп берүү аземине БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, КРдагы БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү Луиз Чамберлен, ошондой эле  КРдагы Япониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сигеки Маеда катышты.

Эске салсак, бул жабдуулар БУУӨП Кыргызстанга 2015-жылы берген шайлоолорду өткөрүү үчүн жабдууга кошумча болуп саналат. Ал мурдагы иштен чыккан же эскирген бөлүктөрүн алмаштырат. БУУӨП долбоорунун алкагында ошондой эле БШКнын жана МККнын кызматкерлери  үчүн жабдууларды пайдалануу боюнча окутуу жана тренингдер дагы каралган.