Жаңылыктар
Нарында 3 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды
Кырсык
Нарында 3 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, үч адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады. 

22-сентябрда кечки саат 17:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 280-чакырымында "Тойота Авенсис" жана  "Хонда -Степ" үлгүсүндөгү жеңил унаалар кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен 58 жана 38 жаштагы эки аял, 44 жаштагы эркек киши каза болгон. Муну менен катар, эки эркек, бир аял жана эки жаш бала жаракат алган. 

Жеринде куткаруучулар жана өрт өчүрүүчү унаа, тез жардам кызматынан 1 бригада иш алып барды. 

Каза болгондордун сөөгү Нарын райондук өлүк сактоочу жайына жеткирилген.