Жаңылыктар
Москва жана Карелияда аза күтүү күнү жарыяланды (жаңыланды)
Дүйнө
Москва жана Карелияда аза күтүү күнү жарыяланды  (жаңыланды)

Орусиянын Карелия аймагында көлгө сейилдөөгө чыгып каза болгон балдардын сөөгү салынган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин учагы Москвага келип конду. Кырсык болгон жерде азыр дагы издөө иштери уланып жатат. 

Эскерте кетсек, 18-июнь күнү 47 бала 4 мугалимдин коштоосунда Карелиядагы көлгө эс алуу үчүн барып, катуу шамалдан улам кайык көмкөрүлүп кеткен. 14 окуучу каза болуп, бир баланын денеси азырынча табыла элек. 

Кырсыкка кабылып каза болгондор Москвадан эс алууга келген, алардын арасында жетим балдар да бар. Күтүүсүз кырсыкка байланыштуу, бүгүн дүйшөмбү күнү Москва жана Карелияда аза күтүү күнү деп жарыяланды.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118