Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого аттанган “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын тизмесинен тогуз талапкерди чыгарды. Бул тууралуу 23-сентябрдагы расмий кабар таратылды.
Тизмеден чыккандар:
Сабина Айтыева;
Малика Ахметова;
Мадина Абдукадырова;
Хамракул Жаныкулов;
Лунара Мамытова;
Сайкал Калиева;
Алина Шакирова;
Гүлжамал Таирова;
Бермет Касымова.
Азырынча “Мекеним Кыргызстан” партиясы талапкерлердин баш тартышы боюнча маалымат тарата элек.
Буга чейин Каныбек Иманалиев, Акылбек Жапаров жана Урмат Усеновдор да бул партиянын тизмесинен чыгып кеткен.