Жаңылыктар
Карантиндик чектөөлөр алынгандан кийин театрлар кызуу иштин үстүндө
Маданият
Карантиндик чектөөлөр алынгандан кийин театрлар кызуу иштин үстүндө

Өлкөдө 14-сентябрдан тарта театр, китепкана жана музейлер кадимки режимде иштей баштаган. Алардын ичинен айрым театрлар бир нече спектаклдерди даярдап, көрүүчүлөргө сунуштаганы турса, айрымдары карантин учурунда да ишмердүүлүгүн токтотпой, спектаклдердин онлайн премьерасын өткөрүүгө да жетишкен. 

Муса Жангазиев атындагы куурчак театры карантин учурунда убакытты текке кетирген эмес. Театрдын жамааты бир нече чыгарманын тексти менен таанышып чыгып, айрым спектаклдердин декорациялык жасалгаларын даярдаган. Учурда «Мышонок Мыцык», «Атадан калган туяк» жана «Солнечный зайчик» аталышындагы спектаклдердин үстүндө иштеп жатышат. Быйылкы театр сезону октябрь айында ачылат. Кичинекей көрүүчүлөргө биринчи болуп «Солнечный зайчик» спектаклы көрсөтүлөт.