Жаңылыктар
Россия кызамыкка каршы 50 миң вакцина берет
Ден соолук
Россия кызамыкка каршы 50 миң вакцина берет

Россия кызамыкка каршы 100 миң вакцинаны Кыргызстан менен Беларусияга жөнөтөт. Бул тууралуу Роспотребнадзор билдирет.

Москва Минск менен Бишкекке  50 миң ампуладан вакцина берет.

Кыргызстандын Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда 717 кызамык оорусу катталды. Инфекция Жалал-Абад, Чүй, Ош жана Баткен облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында орун алган.