Жаңылыктар
Дүйнөдө коронавирус илдети кооптуу бойдон калууда
Дүйнө
Дүйнөдө коронавирус илдети кооптуу бойдон калууда

23-сентябрга карата дүйнөдөгү статистикага ылайык, коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 31 миллион 467 миң 508 адам болду. Анын ичинен 21 миллион 583 миң 915 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 967 миң 881 адам каза болду. 

Ал арада АКШда коронавирус инфекциясынан жабыркагандардын саны 200 миңден ашты. Мындай маалымат Жонс Хопкинс университетинин сайтында кабарланды. Акыркы маалыматтарга караганда, АКШда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 6 млн 890 минден ашты. Ал эми вирустан каза болгондордун саны 200 миң 724 адамды түздү. Америка Кошмо Штаттары оору жана өлүм көрсөткүчү боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Инфекциядан каза болгондордун саны боюнча Бразилия 137,000 өлүм менен 2-орунда, ал эми Индия 88 миң 900 өлүм менен 3-орунда.