Жаңылыктар
COVID-19: Британиядагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу өлкөгө жаңы чектөөлөр кирди
Дүйнө
COVID-19: Британиядагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу өлкөгө жаңы чектөөлөр кирди

Британиянын Премьер-министри Борис Жонсон эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу өлкөгө жаңы чектөөлөр киргенин маалымдады. 

Анда, Паб жана ресторандар сөзсүз түрдө саат 21:00дө жабылышы керек. Кардарларды официанттар гана тейлейт. Өздөрү барга барып буюртма бергенге болбойт, мүмкүнчүлүк болсо, жарандар үйдөн иштегени жакшы деген чектөөлөр каралды. «Чектөөлөр бизнеске терс таасир этери белгилүү. Өкүнүчтүү, бирок киргизбесек болбойт»,- деди өкмөт башчы. Британияда коронавирус менен катталгандардын саны кайрадан өскөндүктөн өлкө бийлиги алтыдан ашык адамдын чогулуусуна чектөө киргизди. 

Бирок карантинден улам ири жоготууларга учураган майда бизнес ээлеринин даттануусунан улам, бийлик тыюу салууга келгенде өтө катуу чаралардан карманып турууда. Жонсон мындай эрежелер жарым жылга созулушу мүмкүндүгүн кошумчалады. Акыркы жумада Британияда коронавирус менен ооругандардын саны кескин түрдө өсүүдө. Эксперттердин айтымында, эгерде кырдаал ушундай таризде улана берсе, октябрда коронавирус менен катталгандар күн сайын 50 миңдей адамды түзүшү мүмкүн.