Жаңылыктар
Жаңы Зеландияда эпидемиологиялык абалга жараша бардык чектөөлөр токтойт
Дүйнө
Жаңы Зеландияда эпидемиологиялык абалга жараша бардык чектөөлөр токтойт

Акыркы күндөрү коронавирус оорусун жуктурган адамдар катталбаган Жаңы Зеландияда бардык чектөөлөр токтойт. 

Бирок мындай эркин жашоо тургундарынын саны көп делген Окленд шаарына тиешелүү эмес. Эгерде алдыдагы эки жумада коронавирус менен ооругандар катталбаса, анда бул шаардагы чектөөлөр да толугу менен алынат.

5 миллион калкы бар Жаңы Зеландияда пандемия башталгандан бери коронавирус оорусунан улам 25 бейтап каза болгон. Өлкө аймагында жалпы вирус жуктургандардын саны 1 миң 824кө жетти.