Жаңылыктар
COVID-19: Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 53 миң адамдан ашты
Дүйнө
COVID-19: Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 53 миң адамдан ашты

Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 53 миң 51 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. 

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 506 жаңы учур катталган. 618 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 2 бейтап каза болду. Өзбекстанда коронавирустан жалпысынан 48 миң 606 адам айыкты. Коронавирус жуктурган 442 бейтап каза болду. 3 миң 384 бейтап ооруканаларда дарыланууда.